• Датасы: 06 Кулжа 2024 Жылы
  • II Чейрек 2024 Жылы
  • Текшерүү пландары III Чейрек 2024 Жылы кабыл алынат: 31 Кулжа 2024 Жылы (калды 25 Күн)
  • end.of.report.accept I quarter_qr 2024 Жылы

Бөлүмүнүн суроолору жана жооптору "Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү чектөөлөр"

Текшерүү жүргүзүп жаткан мезгилде инспектор менин ишканамдан укук бузууну тапты жана айыпты ага төлөөнү сурады. Инспектордун айып алууга укугу барбы?

Жок, инспектордун айыптарды жана башка акы төлөөлөрдү накталай түрдө алууга укугу жок. Бардык эсептешүүлөр тиешелүү эсеп-кысаптар жана кредиттик-кассалык мекемелер аркылуу гана жүргүзүлөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Мен текшерүү жүргүзүлө тургандыгы тууралуу билдирме алдым, анын мөөнөтү менин Бишкек шаарына болуучу сапарыма туура келет экен. Мен текшерүүнүн мөөнөтүн которуу жөнүндө сурана аламбы?

Ооба, Сиз билдирме жөнөткөн региондук башкармалыкка көрсөтүлгөн мөөнөттө текшерүү жүргүзүү мүмкүн эмес экендиги тууралуу маалымдап, текшерүү башталаары жөнүндө билдирме алган датадан тартып 5 күндөн узак эмес мөөнөттө текшерүү жүргүзүүнүн башка датасын макулдашууңуз керек.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүү учурунда инспектор менин ишканамдын документтеринин түп нускаларын алууга аракет кылды. Бул мыйзамдуубу?

Жок, бул мыйзамсыз. Ыйгарым укуктуу текшерүүчү органдардын документтердин түп нускаларын алып коюуга укуктары жок.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Менин объектимде инспектор текшерүү жүргүзүүдө документтерди текшерүү үчүн сурады, андан соң ал документтердин көчүрмөлөрүн берүүнү талап кыла баштады, мен документтердин көчүрмөлөрүн техникалык шарттарга байланыштуу бере албагандыгымдан, ал менин документтеримдеги маалыматтарды кол менен көчүрүп жаза баштады. Инспектордун мындай иш-аракети мыйзамдуубу?

Ыйгарым укуктуу органдарга жана алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен алынган ишкердик субъекттери тууралуу маалыматтарды топтоого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга тыюу салынат.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Мен соода борборунда иштейм, бизге ички иштер органдарынын кызматкерлери өрт коопсуздугу боюнча ченемдерди аткаруу талаптары менен көп келишет. Милиция кызматкерлери ишкерлердин ишин, болгондо да өрт коопсуздугун текшерүүгө укуктуубу?

Ички иштер органдары текшерүү жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдар болуп саналбай тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз. Алардын ишкердик субъектинин ишин текшерүүгө укугу жок. Кызмат адамдары мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын атынан чыгып, ал органдын ыйгарым укуктарына мындай талаптар кирбесе, текшерүүчү органдарга жана текшерүүчү адамдарга милдеттүү талаптардын жана ченемдик укуктук актылар менен белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүүгө тыюу салынат. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмеси бар. Бул тизмени Сиздер Экономика министрлигинин сайтынан же www.proverka.kg маалыматтык порталынан таба аласыздар.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Мен бир кафеге барып, начар ойдо калгандан кийин, ушул кафеге чара көрүү жана анын ишин текшерүү үчүн Санэпидемкызматына арыз жазганмын. Бирок арызда мен өзүмдүн аты-жөнүмдү көрсөткөн эмесмин. Бүгүнкү күнгө чейин Санэпидемкызматы тарабынан эч кандай чаралар көрүлгөн жок. Менин арызым кандай себептерден улам каралган эмес?

Текшерүүчү органдар тоголок арыздар, б.а. аты-жөнү жана байланыш маалыматтары (жашаган жеринин дареги, байланыш телефону ж.б.) көрсөтүлбөгөн арыздар боюнча демилге кылынган пландуу жана пландан тышкаркы көчмө текшерүүлөрдү жүргүзө алышпайт. Контролдоо жана көзөмөлдөө органына кайрылган адамдын аты-жөнүн жана жашаган жерин аныктоого мүмкүн болбогон арыздар текшерүү үчүн негиз болбойт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Мен ооруп калган учурда ишиме текшерүүчү органдардан кызматкерлер пландуу текшерүүгө келишиптир. Мен капысынан ооруп калгандыгыма байланыштуу мен өз кызматкерлеримдин ичинен эч кимисин менин ыйгарым укуктуу өкүлүм кылып дайындаган эмесмин. Ошондой болсо да, текшерүүчүлөр кызматкерлеримден документтерди берүүнү талап кылышкан. Алардын мындай иш-аракеттери мыйзамдуубу?

Текшерүүчү органдарга юридикалык жактын жетекчиси, башка кызмат адамы же ыйгарым укуктуу өкүлү, жеке ишкер, анын ыйгарым укуктуу өкүлү жүйөөлүү себептер боюнча (ооруган, жакын тууганы каза болгон учурларда) жок болгон мезгилде пландуу жана пландан тышкаркы көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Шаардын борборунда менин анча чоң эмес супермаркетим бар, жакында менин дүкөнүмдүн бет маңдайындагы үйдүн жашоочуларынын курулуш ченемдеринин бузулгандыгы тууралуу арызы боюнча мен жок кезде супермаркетке Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери келишиптир. Дүкөндө сатуучу гана болгон. Бул учурда дүкөндүн ээси жокто текшерүү жүргүзүү мыйзамдуубу?

Ыйгарым укуктуу орган жарандардан алынган арыздардын негизинде текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. Бирок, ыйгарым укуктуу органдарга юридикалык жактын жетекчиси, башка кызмат адамы же ыйгарым укуктуу өкүлү, жеке ишкер, анын ыйгарым укуктуу өкүлү жок болгон мезгилде пландуу жана пландан тышкаркы көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат, буга мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарына жарандардын жашоо-турмушуна, саламаттыгына, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүү, мамлекеттин коопсуздугу, ошондой эле жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан фактылар тууралуу жарандардын, юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин кайрылуулары жана арыздары, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан түшкөн маалыматтардын негизи боюнча мындай текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурлар кирбейт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Инспектор текшерүүнүн жүрүшүндө курчап турган чөйрөнүн объекттерин текшерүү үлгүлөрүн же сынамдарын алууга укуктуубу?

Ооба, укуктуу. Бирок алынган үлгүлөр, сынамдар үлгүлөрдү, сынамдарды алуунун улуттук стандарттары, эрежелери жана аларды изилдөө, сыноо, өлчөө методдору, техникалык регламенттер же алар күчүнө кирген күнгө чейин колдонуудагы башка ченемдик техникалык документтер, изилдөө, сыноо, өлчөө эрежелери жана методдору менен белгиленген ченемдерден жогору санда жана белгиленген форма боюнча алынууга тийиш.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Эгерде текшерүү үлгүлөрү же сынамдары алынса, алар документ менен таризделиши керекпи?

Инспектор продукциянын үлгүлөрүн алуу жөнүндө протокол түзүүгө милдеттүү. Андай болбогон учурда анын иш-аракети мыйзамсыз деп эсептелет.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүү учурунда менин ишканамдан продукцияны изилдөөгө бир нече үлгү алышкан жана анын жыйынтыктары чыкканга чейин текшерүүнү токтото турушкан. Инспектор токтото туруунун мөөнөтүн так айта алган жок. Мындай учурларда текшерүү кайсы мөөнөткө чейин токтотулушу мүмкүн?

Текшерүү мөөнөтү изилдөө үчүн зарыл мөөнөткө, бирок 15 календардык күндөн көп эмес мөөнөткө токтотула турушу мүмкүн.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүүнүн мөөнөтүн расмий түрдө узартылгандыгын кантип билүүгө болот?

Сиз аны жазма буйруктун тиешелүү бөлүгүн карап чыгып текшерсеңиз болот. Текшерүүнүн мөөнөтү узартылган учурда инспекциянын жетекчиси 2 нускада жазма буйруктун тиешелүү бөлүгүн толтурат, кол коет жана мөөр менен ырастайт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүүгө келген инспектор менен мурдагы текшерүүдө менин пикирим келишпей калган. Бул инспектордун аракеттерине мен даттангам. Менин ишканамда текшерүү жүргүзүү үчүн инспекторду алмаштырууга болобу, анткени мен бул инспектордун аракеттери объективдүү болбой калабы деп ойлойм?

Эгерде бул факт ырасталса, анда инспекциянын жетекчиси текшерүү жүргүзүү үчүн башка инспекторду дайындайт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Менде текшерүүнүн жыйынтыктарына баа берүү үчүн көз карандысыз экспертти тартууга укук барбы?

Ооба, Сиз текшерүүнүн жыйынтыктарына же текшерүүнүн жүрүшүнө макул болбогон учурда өзүңүздүн тандооңуз боюнча көз карандысыз эксперттик уюмга же экспертке кайрылууга укугуңуз бар. Мында эксперттин кызмат көрсөтүүсүнө акыны Сиз төлөйсүз. Сиз өзүңүздүн тандооңуз боюнча текшерүү актысына даттанууңуздун же каршы пикириңиздин материалдарына алынган эксперттик корутундуну тиркеп койсоңуз болот.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Мен текшерүүнүн жыйынтыктарына макул болбогон учурда актыга кол коюудан баш тарта аламбы?

Ооба, баш тарта аласыз. Мындай учурларда инспектор актыга тиешелүү жазуу киргизет.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Мен Ысык-Көл региондук инспекция башкармалыгынан текшерүү предметине тиешеси бар документтерди аларга берүү жөнүндө суроо-талап алдым. Инспектор аларга документтердин түп нускасын берүүнү сурады. Мен аларга документтердин түп нускаларынын ордуна көчүрмөлөрүн берсем болобу?

Ооба, болот. Сиздин документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн же алардан алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү берүүгө укугуңуз бар.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү