• Датасы: 06 Кулжа 2024 Жылы
  • II Чейрек 2024 Жылы
  • Текшерүү пландары III Чейрек 2024 Жылы кабыл алынат: 31 Кулжа 2024 Жылы (калды 25 Күн)
  • end.of.report.accept I quarter_qr 2024 Жылы

Бөлүмүнүн суроолору жана жооптору "Пландуу текшерүүлөр"

Мен алдыда боло турган текшерүү тууралуу кантип билсем болот?

Ыйгарым укуктуу органдар ишкердик субъектисинин текшерүү жүргүзүлө турган күнгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен текшерүү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсү болгон шартта пландуу текшерүү жүргүзөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Билдирүүдө кандай маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш?

Билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

  • пландуу текшерүүнүн башталышынын жана аякташынын датасы;
  • иши текшерилип жаткан юридикалык жактын аталышы же жеке жактын – ишкердин аты-жөнү;
  • ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
  • текшерүүчү органдын кызмат адамынын кызмат орду, фамилиясы жана инициалдары.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Мен билдирүүнү кантип алсам болот?

Билдирүү ыйгарым укуктуу органдын каражаттарынын эсебинен заказ кат же телефонограмма менен жөнөтүлөт же жетекчинин өзүнө же ишкердик субъектинин ыйгарым укуктуу адамына кол койдуруу менен тапшырылат.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Мен текшерүү боло тургандыгы тууралуу билдирүү алдым. Бирок менде ушул күнү шашылыш иштер чыгып калды. Мен кете берип, текшерүүнүн жүрүшүнө катышпай койсом болобу?

 

Жетекчи же ишкердик субъектинин ыйгарым укуктуу адамы билдирүүнү алгандан кийин пландуу текшерүү жүргүзүү үчүн дайындалган убакытта текшерүү объектисинде болууга милдеттүү.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Менин объектиме инспекторлор пландуу текшерүү жүргүзүү үчүн келишкен. Мында мен текшерүү жүргүзүү тууралуу билдирме алган эмесмин. Мен билдирүүсүз пландуу текшерүү жүргүзүү үчүн өзүмдүн аймагыма аларды киргизсем болобу?

Пландуу текшерүү жүргүзүү тууралуу билдирүү алынбаган учурда Сиздин ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамын пландуу текшерүү жүргүзүүгө уруксат бербей коюуга толук укугуңуз бар.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Өткөн жылы менин ишканамда Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан пландуу текшерүү жүргүзүлгөн. Алар менин ишканамдын 2010-жыл ичиндеги ишин текшеришкен. Бул жылы да алар ушул эле жылга пландуу текшерүү жүргүзүүнү пландаштырууда. Ушундай болушу мүмкүнбү?

Пландуу текшерүү жүргүзүлгөн датадан тартып 3 жыл өткөндөн кийин пландуу текшерүү менен камтылган мезгил үчүн ишкердик субъекттеринин ишин текшерүүгө тыюу салынат. (Мисалы, эгерде Сизди 2013-жылы 2010-жылдагы мезгил үчүн текшерсе, 2014-жылы 2010-жылдагы мезгил үчүн текшерүүгө тыюу салынат).

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Кайсы документтердин негизинде текшерүү жүргүзүлөт?

Текшерүү контролдоочу органдын тескемесинин (буйругунун, жазма буйругунун) негизинде жүргүзүлөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Тескемеде кандай маалыматтар көрсөтүлөт?

Тескемеде (буйрукта, жазма буйрукта) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

  • текшерүү жүргүзүү жөнүндө тескеменин (буйруктун, жазма буйруктун) номери жана датасы;
  • контролдоочу органдын аталышы;
  • инспектордун аты-жөнү;
  • текшерүү жүргүзүлүп жаткан ишкердик субъектинин аталышы же жеке ишкердин аты-жөнү;
  • жүргүзүлүүчү текшерүүнүн максаты жана предмети;
  • текшерүү жүргүзүүнүн укуктук негиздери;
  • текшерүүнүн башталышынын жана аякташынын датасы.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Мен тескеменин аныктыгын кантип билсем болот?

Тескеме (буйрук, жазма буйрук) 2 нускада түзүлөт, ага ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол коет жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Тескемеде эки гана инспектордун фамилиясы көрсөтүлүп, текшерүүгө 3 инспектор келсе эмне кылуу керек?

Текшерүүгө тескемеде (буйрукта, жазма буйрукта) көрсөтүлгөн адамдарга гана уруксат берилет. Бул учурда Сиз тескемеде фамилиясы көрсөтүлбөгөн инспектордун бирин текшерүүгө уруксат бербей коюуга укуктуусуз.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Пландуу текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү кандай?

Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү 15 жумушчу күндөн, чакан ишкердик субъекттери үчүн 5 жумушчу күндөн ашпоого тийиш.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү узартылышы мүмкүнбү?

Текшерүү жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү тескемеси (буйругу, жазма буйругу) боюнча текшерүү мөөнөтү бир эле жолу, 10 жумушчу күндөн көп эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Менин ишканам өткөн айда текшерилген. Бирок бизди текшерүүчү инспектор дагы бир жолу текшерүүгө келгени жатат, анткени анын айтуусу боюнча ал текшерүү мөөнөтүн узарткан. Менин ага даттанууга укугум барбы?

Ооба, Сиздин ага даттанууга укугуңуз бар. Текшерүү мыйзамда белгиленген гана мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш. Ал мөөнөттөр жазма буйрукта көрсөтүлөт. Сиз текшерүү жүргүзүү мөөнөтүнө макул болбогон учурда Сиздин ага сотко даттанууга укугуңуз бар.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүү башталаардын алдында мен инспектордон күбөлүгүн көрсөтүүнү сурадым. Бирок ал көрсөтүүдөн баш тартты. Бул мыйзамдуубу жана инспекторлор текшерүүгө күбөлүгү жок келе алышабы?

Ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары ишкердик субъекттеринин аймагына же жайларына кызматтык күбөлүктөрүн, ишкердик субъектине карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тескемесин (буйругун, жазма буйругун) көрсөтүп кире алат. Инспектор күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү. Көрсөткөндөн кийин гана Сиз анын текшерүүсүнө уруксат бересиз.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү