• Датасы: 07 Кулжа 2024 Жылы
  • II Чейрек 2024 Жылы
  • Текшерүү пландары III Чейрек 2024 Жылы кабыл алынат: 31 Кулжа 2024 Жылы (калды 24 Күн)
  • end.of.report.accept I quarter_qr 2024 Жылы

Бөлүмүнүн суроолору жана жооптору "Пландан тышкаркы текшерүүлөр"

Кандай учурларда пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлөт?

Пландан тышкаркы текшерүүлөр төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

  • ыйгарым укуктуу орган ишкердик субъектинен текшерүү жүргүзүү жөнүндө арыз алганда;
  • ыйгарым укуктуу орган ишкердик субъектинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы тууралуу маалыматтарды алганда;
  • ишкердик субъекти технологиялык процессти бузуп, курулма, жабдыктар иштен чыгып, авариялык кырдаал орун алып, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, мүлккө, курчап турган чөйрөгө зыян келүү коркунучу болгондо;
  • ыйгарым укуктуу орган ишкердик субъекти арыз ээсинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен жеке же юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү арызын алганда.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүү үчүн эмне негиз болуп саналат жана ал кандай мөөнөттө жүргүзүлөт?

Пландан тышкаркы текшерүүлөр ыйгарым укуктуу органдын тескемесинин (буйругунун, жазма буйругунун) негизинде 3 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Кандай учурларда текшерүү билдирүүсүз жүргүзүлөт?

Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануулардын) коркунучу же келип чыгышы жана таралышы, техногендик мүнөздөгү авариялар), текшерүүлөр күтүүсүз мүнөздө болушу мүмкүн жана калктын саламаттыгына жол берилгис таасир этүү себептерин жана булактарын аныктоо, алардын алдын алуу жана жоюу боюнча чараларды көрүү максатында жазуу жүзүндөгү жөнөтүүсүз (билдирүүсүз) жүргүзүлөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Контролдук текшерүүнүн максаты кандай жана ал кандай учурларда жүргүзүлөт?

Контролдук текшерүүлөр ишкердик субъекттеринин мурдагы текшерүүдө белгиленген эреже бузууларды жоюусун текшерүү максатында жүргүзүлөт. Контролдук текшерүүлөр белгиленген эреже бузууларды жоюу үчүн ишкердик субъектине берилген мөөнөт аяктагандан кийин гана жүргүзүлөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү