• Датасы: 06 Кулжа 2024 Жылы
  • II Чейрек 2024 Жылы
  • Текшерүү пландары III Чейрек 2024 Жылы кабыл алынат: 31 Кулжа 2024 Жылы (калды 25 Күн)
  • end.of.report.accept I quarter_qr 2024 Жылы

Бөлүмүнүн суроолору жана жооптору "Кайрадан текшерүү"

Кайрадан текшерүүнүн мөөнөтү кандай?

Кайрадан текшерүү даттанууда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Бирок кайрадан текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү 30 күндөн ашпайт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Кайсы учурларда кайрадан текшерүү жүргүзүлөт?

Кайрадан текшерүү ишкердик субъекти текшерүүнүн жыйынтыктарына макул болбогон учурда гана жүргүзүлөт. Кайрадан текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп текшерилүүчүнүн ыйгарым укуктуу органга текшерүүнүн жыйынтыктарына даттануусу саналат. Кайрадан текшерүүнү жүргүзүүдө пландуу текшерүүнүн бардык маселелери боюнча текшерүү жүргүзүүгө тыюу салынат. Пландуу текшерүүнүн даттанылган гана жыйынтыгы кайрадан текшерилүүгө жатат.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөр кандай максатта жүргүзүлөт?

Пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөр ишкердик субъектисинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын контролдоо үчүн жүргүзүлөт жана чарбакер субъектке финансылык же башка санкцияларды салуу максатын көздөбөйт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Менин ишканамды текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталса, кандай чаралар көрүлөт? Айып салынабы?

Пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталса текшерүүчү органдын кызмат адамы ишкердик субъектине мыйзам бузуунун предметин жана маңызын түшүндүрүп берүүгө милдеттүү жана мыйзам бузууну жоюу адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча коопсуздукту камсыз кылууга таасир этсе ишкердик субъектинин мыйзам бузууну 3 күнгө чейинки мөөнөттө, калган учурларда 30 күнгө чейинки мөөнөттө милдеттүү түрдө жоюу милдеттенмеси менен ага жазуу жүзүндө эскертүү гана берет.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү