• Датасы: 06 Кулжа 2024 Жылы
  • II Чейрек 2024 Жылы
  • Текшерүү пландары III Чейрек 2024 Жылы кабыл алынат: 31 Кулжа 2024 Жылы (калды 25 Күн)
  • end.of.report.accept I quarter_qr 2024 Жылы

Бөлүмүнүн суроолору жана жооптору "Текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын тариздөө тартиби"

Текшерүү аяктагандан кийин кандай документ түзүлөт?

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын текшерүүчү кызмат адамы тарабынан белгиленген формадагы эки нускада акт түзүлөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Актыда кандай маалыматтар көрсөтүлөт?

Актыда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

  • акт түзүлгөн дата, убакыт жана жер;
  • ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
  • текшерүү жүргүзүүнү негиздеген тескеменин (буйруктун, жазма буйруктун) датасы жана номери;
  • текшерүү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) аты-жөнү, кызматтык күбөлүктөрүнүн номери жана кызмат орду;
  • текшерилүүчү ишкердик субъектинин аталышы жана дареги же жеке ишкердин аты-жөнү;
  • текшерүү жүргүзүүнүн датасы, убактысы жана орду;
  • текшерүүнүн жыйынтыктары, анын ичинде аныкталган укук бузуулар жөнүндө маалыматтар;
  • ишкердик субъектинин өкүлүнүн же жеке ишкердин текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышкандыгы же таанышуудан баш тарткандыгы жөнүндө маалыматтар, алардын колдору;
  • текшерүү жүргүзгөн текшерүүчү кызмат адамынын колдору.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин акты кимге берилет?

Актынын бир нускасы тиркемелердин көчүрмөлөрү менен ишкердик субъектинин жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө тилкат алуу менен тапшырылат же почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча укук бузуулар аныкталбаса, акты түзүлөбү?

Текшерүүнүн жыйынтыктарына карабастан актыга текшерүүчү, ишкердик субъектинин жетекчиси же ыйгарым укуктуу башка өкүлү кол коет.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Эгерде мен текшерүүнүн жыйынтыгына макул болбосом эмне кылуу керек?

Актыда баяндалган фактыларга макул болбогон учурда ишкердик субъектинин жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү актыга кол коюуга жана каршы пикирлери жөнүндө жазып коюуга милдеттүү. Каршы пикирлердин жүйөсүн түшүндүрүүчү жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр менен документтер ишкердик субъекти тарабынан ыйгарым укуктуу органдарга акт алынган учурдан тартып 10 күнгө чейинки мөөнөттө жөнөтүлөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүүнүн жүрүшүндө укук бузуулар аныкталган учурда кандай документ түзүлөт?

Текшерүүчү кызмат адамы тарабынан укук бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамында каралган тартипте протокол түзүлөт.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү