• Датасы: 06 Кулжа 2024 Жылы
  • II Чейрек 2024 Жылы
  • Текшерүү пландары III Чейрек 2024 Жылы кабыл алынат: 31 Кулжа 2024 Жылы (калды 25 Күн)
  • end.of.report.accept I quarter_qr 2024 Жылы

Бөлүмүнүн суроолору жана жооптору "Текшерүү баракчасы"

Текшерүү баракчасы деген эмне?

Текшерүү баракчасы – бул текшерүү жүргүзүүдө контролдоочу органдар тарабынан колдонулуучу жана ишкер өзүнүн ишинде сакташы керек болгон талаптарды камтыган документ.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүү баракчаларын колдонуунун артыкчылыктары эмнеде?

Текшерүү баракчасы ишкерге төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • ал шайкеш болушу керек болгон талаптарды так билүү жана ага кошумча талаптарды коюу мүмкүн эместигине ишенүү;
  • Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптары жөнүндө маалымдар болуу;
  • мыйзамдын ченемдерине жана талаптарына шайкеш келүүнү текшерүүнүн эң маанилүү аспекттерге көңүл буруп, өзүн-өзү текшерүү;
  • эгерде ал алдын ала өзүн-өзү текшерсе, текшерүү жүргүзүүгө убакытты үнөмдөө;
  • инспектордун мыйзамдын ченемдерине эркин түшүнүк берүүсүнө жол бербөө;
  • иштеги субъективдүү факторлорду жокко чыгарып, бардык инспекторлордун ишин бирдейлештирүү.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүү баракчасында кандай маалыматтар камтылат?

Текшерүү баракчасы суроолордун тизмеси бар форманы билдирет. Бул суроолордун баяндалышы өтө жөнөкөй жана ар түрдүү чечмелөөгө жол бербейт, бул текшерүү жүргүзүү процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылат. Ал эң негизги талаптарга көңүлдү топтоого жардам берет, аларды сактабай коюу адамдын жашоо-турмушуна жана саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө коркунуч келтирет. Ошентип, текшерүү баракчалары тобокелдикке көңүл буруп, андагы тигил же бул ишканага баа берүүдө бардык мүмкүн болгон милдеттүү талаптарга жол бербей түзүлөт. Эгерде кандайдыр бир талаптарды сактоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү болуп саналбаса, анда мындай талаптар текшерүү баракчасында камтылбашы керек.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Кандай текшерүү баракчалары бар?

Ар бир текшерүүчү орган текшерилүүчү иштин чөйрөсүн эске алуу менен өзүнүн текшерүү баракчасын түзөт. Окшош мүнөздөмөлөргө жооп берүүчү компаниялар (иштин чөйрөсүнө жараша) бир топту түзүшөт, ал үчүн өзүнчө текшерүү баракчасы иштелип чыгат. Ар бир чөйрөдө мындай топтор бир нече болушу мүмкүн.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүү баракчасынын формасын ким бекитет?

Контролдоочу органдын текшерүү баракчасынын формасы милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана ушул контролдоочу органдын биргелешкен буйругу менен бекитилет.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүү баракчасы жок пландуу текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүнбү?

Текшерүү баракчасын колдонбостон пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт. Текшерүүнүн жүрүшүндө инспектор текшерүү баракчасында көрсөтүлгөн талаптардын алкагынан чыкпастан, ушул талаптардын негизинде гана ишкердик субъектин текшерүүгө укуктуу.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү

Текшерүү баракчаларын кайдан табууга болот?

Текшерүү баракчалары www. mineconom.kg, www.proverka.kg сайттарында, ошондой эле контролдоочу органдардын сайттарында жайгаштырылган.

Эгерде Сизде кошумча суроолор болсо, Сиз аларды тиешелүү форманы толтуруп берсеңиз болот шилтеме

Жооп берүү